Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 8-августундагы №43
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин Аппарат бөлүмүнүн 2224 беренесинен, орто мектеп, бала бакча жана башталгыч мектеп бөлүмдөрүнүн 2224 беренелерине акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Аппарат бөлүмүнүн 2224 беренесинен, орто мектептин 2224 беренесине 1120,0 сом, бала бакчанын 2224 беренесине 259,5 сом жана башталгыч мектептин 2224 беренесине 40,0 сом жалпы 1419,5 сом акча каражатын жылдырууга макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Републикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Аппарат бөлүмүнүн 2224 беренесинен, орто мектептин 2224 беренесине 1120,0 сом, бала бакчанын 2224 беренесине 259,5 сом жана башталгыч мектептин 2224 беренесине 40,0 сом жалпы 1419,5 сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин.
2. Аппарат бөлүмүнүн 2224 беренесинен жалпы 1419,5 сом акча каражатын жогоруда көрсөтүлгөн беренелерге жылдырып берүү жагы Токтогул райондук каржы башкармалыгынан суралсын.
3. Аппарат бөлүмүнүн 2224 беренесинен жалпы 1419,5 сом акча каражатын суралган беренелерге отургузууну камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Көкөөевге милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын козомолго алуу, айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
5. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |