Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
13-сессия
2026-жылдын 23-июну № 69/XIII-29
Кант шаарынын аймагында «Маркетинг-Сервис» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлүүчү чарбалык-ичүүчү багыттагы сууну берүү жана агынды сууларды кабыл алуу (канализация) кызматтарына тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 22-июнундагы № 01-16/4297 катын карап чыгып, Кант шаарынын суу менен камсыздоо жана агынды суу (канализация) тутумунун ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, шаар тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, суу менен камсыздоо жана агынды суу (канализация) кызматтарына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүү максатында, ошондой эле электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашын, керектелүүчү каражаттардын баасынын өсүшүн жана Кант шаарынын мэриясынын «Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тутумун калыбына келтирүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында алынган насыялык каражаттардын бир бөлүгүн кайтарып берүү боюнча каржылык милдеттенмелерин аткаруу зарылдыгын эске алуу менен, Кант шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 25-сентябрындагы № 94/XVIII-26 токтому менен бекитилген «Кант шаарынын муниципалдык менчигинде турган суу түтүк-канализация комплексинин мүлкүн пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө жобого, ошондой эле ар кандай керектөөчүлөрдүн топтору үчүн суу менен камсыздоо жана агынды суу кызматтарына тарифтерди эсептөө тартибине ылайык, ижара акысын түзүү үчүн зарыл болгон тарифтерди эске алуу менен, тарифтерге киргизилген ижара акысынын эсебинен камсыз кылынуучу Кант шаарынын мэриясынын милдеттенмелерин аткаруу максатында, «Маркетинг-Сервис» ЖЧКсы тарабынан Кант шаарынын калкына, мекемелерине жана уюмдарына чарбалык-ичүүчү багыттагы сууну берүү жана агынды сууларды кабыл алуу (канализация) боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү менен макулдашылгандыгын эске алуу менен
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Маркетинг-Сервис» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлүүчү чарбалык-ичүүчү багыттагы сууну берүү жана агынды сууларды кабыл алуу (канализация) кызматтарына тарифтер 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тарифтер колдонулган мезгилде Кант шаарынын мэриясы «Маркетинг-Сервис» ЖЧКсынын муниципалдык мүлктү пайдалангандыгы үчүн жылдык ижара акысынын өлчөмүн 3 718 000 (үч миллион жети жүз он сегиз миң) сом өлчөмүндө белгилесин. Бул сумма ушул токтом менен бекитилген чарбалык-ичүүчү багыттагы сууну берүү жана агынды сууларды кабыл алуу кызматтарына тарифтерди эсептөөгө киргизилсин.
3. «Маркетинг-Сервис» ЖЧКсынын директору С.С.Какенов:
- бекитилген тарифтерди жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын жана Кант шаарынын керектөөчүлөрүнө жеткиликтүү формада маалымат берүүнү уюштурсун;
- калк үчүн чарбалык-ичүүчү багыттагы сууну берүү жана агынды сууларды кабыл алуу кызматтары үчүн төлөмдөрдү эсептөөнү бекитилген тарифтердин негизинде, орнотулган суу эсептегичтеринин иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү боюнча жүргүзсүн, ал эми суу эсептегичтери жок болгон учурда 2-тиркемеге ылайык керектөө ченемдери боюнча эсептесин.
4. Кант шаарынын аймагында «Маркетинг-Сервис» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлүүчү чарбалык-ичүүчү багыттагы сууну берүү жана агынды сууларды кабыл алуу (канализация) кызматтарына тарифтерди бекитүү жөнүндө Кант шаардык кеңешинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 36/VI-29 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Бейшебаев |
|
| Кант шаардык кеңешинин 23.06.2026-ж. №69/XIII токтомунун 1-тиркемеси |
«Маркетинг-Сервис» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлүүчү чарбалык
ичүүчү багыттагы сууну берүү жана агынды сууларды чыгаруу (канализация) кызматтарына карата баалардын (тарифтердин) тизмеси
№ п/п | Наименование | Ченем бирдиги | Тариф (сом, тыйын) |
| Суу менен камсыздоо |
|
|
1. | Калк | 1 м3 | 24,68 |
2. | Бюджеттик уюмдар | 1 м3 | 29,60 |
3. | Башка керектөөчүлөр | 1 м3 | 33,39 |
| Канализация |
|
|
1. | Калк | 1 м3 | 16,19 |
2. | Бюджеттик уюмдар | 1 м3 | 32,95 |
3. | Башка керектөөчүлөр | 1 м3 | 32,95 |
"Маркетинг-Сервис" ЖЧКнун директору |
|
Какенов С.С. |
"Маркетинг-Сервис"ЖЧКнун башкы эсепчиси |
|
Билялова С.Б. |