Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 8-августундагы №44
Лизингге кызматтык унаа алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633 Тескемесине ылайык,Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн материалдык -техникалык базасын чыңдоо максатында, «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому аркылуу «Шевролет-треккер» маркасындагы кызматтык автоунаасын алуу боюнча Үч-Терек айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лизингке кызматтык автоунаа «Шевролет-треккер» алынсын.
2. Алынган автоунааны лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингке алынган техникалардын өз эсебинен башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрү 5 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
6.Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |