Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 8-августундагы №45
Балдар бакчаларынын ыссык тамак-ашы үчүн кошумча план алууга
макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн балдар бакчаларынын ыссык тамак-ашы үчүн 2025-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин, ата –энелер төлөмүнөн түшкөн 2700255 сом акча каражатын “балдар бакчасы” бөлүмүнүн 2218 беренесине отургузуу үчүн кошумча план алууга макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Републикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн балдар бакчаларынын ыссык тамак-ашы үчүн 2025-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин, ата –энелер төлөмүнөн түшкөн 2700255 сом акча каражатын “балдар бакчасы” бөлүмүнүн 2218 беренесине отургузуу үчүн кошумча план алууга макулдук берилсин.
2. Атайын каражат эсебинин “балдар бакчасы” бөлүмүнүн 2218 беренесине кошумча план берүү жагы Токтогул райондук каржы башкармалыгынан суралсын.
3. Аталган пункттар боюнча тиешелүү чараларды көрүү жагы ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Көкөөевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын козомолго алуу, айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
5. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |