Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 8-августундагы №46
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешеси боюнча 2026- 2027-2028 -жылдарга карата болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешеси боюнча 2026- 2027-2028 -жылдарга карата болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө Үч-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Көкөевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Републикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2026-жылга карата долбоору 26087,7 мин сомго жактырылсын.
2.үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2027-жылга болжолдуу долбоору 26835,0 мин сомго жактырылсын.
3.үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2028-жылга болжолдуу долбоору 26994,3 мин сомго жактырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылып, аткарууга алуу жагы жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Омуркановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |