Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 8-августундагы №47
Үч-Терек айылынын тургуну Кушубаков Жумабайга тиешелүү турак жай куруу үчүн алган 960 чарчы метр жер тилкесин соода сатык багытына өзгөртүү жөнүндө
Үч-Терек айылынын тургуну Кушубаков Жумабайдын Үч-Терек айылынын башкы планындагы, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 17-агустундагы №103 чечиминде көрсөтүлгөн А. Жумалиев көчөсүндөгү №10/4 даректеги 960 чарчы метр турак жай куруу үчүн алган жер тилкесин, унаа токтоочу жай куруу үчүн, соода сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 21-беренесин жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылынын тургуну Кушубаков Жумабайга Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 17-агустундагы №103 чечиминде көрсөтүлгөн А. Жумалиев көчөсүндөгү №10/4 даректеги 960 чарчы метр турак жай куруу үчүн алган жер тилкеси соода сатык багытына өзгөртүлүп берилсин.
2. Аталган жер тилкесинин багытын өзгөтүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |