Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 8-августундагы №50
Чоң-Таш айылынын үстү жагындагы 10км аралыкта суунун жээгинде узундугу 2,5км, аянты 13,6 га жайыт жер участогунун багытын өзгөртүп, чакан ГЭС куруу үчүн чектик өлчөмүн аныктоо жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Таш айылынын үстү жагындагы 10км аралыкта суунун жээгинде узундугу 2,5км, аянты 13,6 га жайыт жер участогуна чакан ГЭС куруу үчүн багытын «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу(трансформациялоо) жөнүндөгү жайыт адиси К.Сыргабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Таш айылынын үстү жагындагы 10км аралыкта суунун жээгинде , №168 контур -0,01га , №161 контур -0,01га, №160 контур-0,04га, №169 контур-0,01га, №177 контур-0,02га, №116га контур-0,01га, №118га контур-0,02га, №119га контур-0,10га, узундугу 2,5км , жалпы аянты 13,6 га жайыт жер участогунун багытын которуп, чакан ГЭС куруу үчүн жер тилкесинин чектик өлчөмү 13,6 га деп бекитилсин.
2. Аныкталган чектик өлчөмү боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Төрага |
Г. Маленов |