Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
XI сессиясы
2025-жылдын 12-сентябрындагы №51
Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү мектептердин жана бала бакчалардын
2025-2026-күз-кыш мезгилине карата даярдыктары жөнүндө
«Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин жана балдар бакчаларынын 2025-2026-күз-кыш мезгилине карата даярдыктары жөнүндө маселени талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин жана балдар бакчаларынын 2025-2026-күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндөгү маалымат эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнө караштуу бардык мектептерди, балдар бакчаларын электр энергиясы менен камсыздаган трансформаторлордун майларын жана кабелдерин алмаштыруу, жеринде барып мектептердеги кемчилдиктерди жоюу үчүн каражат караштыруу, от менен жылытылуучу мектептерди жана балдар бакчаларын көмүр менен камсыздоо иштерин 2025-жылдын 15-октябрына чейинки мөөнөттө аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтомду Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |