Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
XI сессиясы
2025-жылдын 12-сентябрындагы №52
Жергиликтүү маанидеги китепканалардын , маданият үйүнүн жана айылдык клубдардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу жөнүндө
«Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу китепканалардын , маданият үйүнүн жана айылдык клубдардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу жөнүндө маселени талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу китепканалардын , маданият үйүнүн жана айылдык клубдардын кызматкерлеринин иштөө тартиби жана мекемелеринин тазалыгы жана көрктөндүрүүсү көзөмөлгө алынсын.
2. Айыл өкмөтүнө караштуу бардык айылдык клубдарда жана маданият үйүндө ар кандай багыттагы маданий кружоктордун, жаш таланттар арасында кароо сынактардын, майрамдык иш чаралардын өткөрүлүүсүн уюштуруу, айыл элинин маданиятын көтөрүү жагы маданият үйүнүн директоруна жана клуб башчыларына , көзөмөлгө алуу менен жандандыруу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Айылдык китепкана башчыларына чыгармачылык менен иш алып баруу, мектеп менен тыгыз байланышта болуу аркылуу, окуучу балдардын китеп дүйнөсүнө кызыгуусун арттыруу, ар кандай кызыктуу иш чараларды өткөрүү, китеп фондусун жаңылоо боюнча демөөрчүлөр менен иш алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
5. Бул токтомду Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |