Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
XI сессиясы
2025-жылдын 12-сентябрындагы №53
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча айыл аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык жактан коргоо боюнча аткарылган иштери жөнүндө Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Омуркановдун 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча айыл аймактагы иштердин жалпы абалы , жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча берген отчету канааттандырарлык деп табылсын жана бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы малдарды ар кандай жугуштуу ооруларга каршы вакцинациялоо мезгилинде, айыл өкмөттүн ветеринардык адиси Т.Чилдебаевдин жеке ветеринарлар менен биргеликте иш алып баруусун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтомду Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |