Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
XI сессиясы
2025-жылдын 12-сентябрындагы №54
Үч-Терек айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-декабрындагы №9 «Үч-Терек айыл аймагында жер маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын 2024-жылдын 12-декабрындагы кезексиз III сессиясынын №9 «Үч-Терек айыл аймагында жер маселелери боюнча комис-сиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген, Үч-Терек айыл аймагын-да жер маселелери боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизип берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-декабрындагы №9 «Үч-Терек айыл аймагында жер маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү» токтомунун тиркемесине өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.
2.Үч-Терек айыл аймагындагы жер маселелери боюнча комиссиянын курамы өзгөртүү киргизилген тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бекитилген комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине карама-каршы келбеген бөлүктөрүнө ылайык иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар» боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |