ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
XI сессиясы
2025-жылдын 12-сентябрындагы №55
Бишкек-Ош жолунун 400 жана 403-чү км аралыгындагы жол жээгинен
жараксыз курулуш калдыктарын таштоочу жайдын чегин аныктоо жөнүндө
«Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоорунун алкагында, Япониялык эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан Бишкек-Ош жолунда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча курулуп жаткан тоннелдин курулуш иштеринен чыккан жараксыз курулуш материалдарын таштоо үчүн Бишкек-Ош жолунун 400-чү километринин сол жагынан 0,46га жана 403-чү км аралыгындагы жол жээгинин оң жагынан 3га жайыт жер аянтын убактылуу пайдаланууга чегин аныктап берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесин жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек-Ош жолунда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча курулуп жаткан тоннелдин курулуш иштеринен чыккан жараксыз курулуш материалдарын таштоо үчүн, №1559, №1545, №1541жана №1547 контурларындагы Бишкек-Ош жолунун 400-чү километринен 0,46га жана 403-чү км аралыгындагы жол жээгинен 3га жайыт жер аянттарын убактылуу пайдаланууга ажыртып берүү үчүн жер тилкесинин чектик өлчөмү жалпы 3,46 га деп бекитилсин.
2. Аныкталган чектик өлчөмү боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана убактылуу пайдаланууга берилген жер аянтын кайра калыбына келтирүү жагы, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Такенака Цивил Инжиниринг энд Констракшн КО.Лтд» акционердик коомунун Бишкек-Ош жолунда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча филиалына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |