Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2026-жылдын 9-июлундагы №1
Манас шаарындагы жеке менчик жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алып, “Мамлекеттик Ипотекалык Компания”
ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын 2025-жылдын 23-июлундагы №143-б буйругуна ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 02-июлундагы №01-18/4310 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында социалдык көп кабаттуу турак-жай куруу үчүн Манас шаарынын Барпы Сейил, Ж.Бакиев көчөлөрүндө жана Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан, ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жеке менчик жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын Барпы Сейил, Ж.Бакиев көчөлөрүндө жана Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан, ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн муниципалдык жер тилкелерин “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берип жана ар бир менчик ээси менен 3 (үч) тараптуу келишим түзүүгө макулдук берилсин.
3. Жер тилкелерин өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо жана максаттуу пайдалануусуна көзөмөл жүргүзүү жагы Манас шаарынын мэрине (У.Исмаилов), мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |