Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2026-жылдын 9-июлундагы №2
Манас шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү өткөрүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 23.04.2026-жылдагы чыг.№01-18/2581 сандуу катын, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясы карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын Эркиндик көчөсүнүн №11 дарегинде жайгашкан муниципалдык имараттарды (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эски имараты) тиешелүү (идентификациялык коду 3-10-03-0015-1222) жалпы 7218,0 чарчы метр жер тилкесин эки бирдикке бөлүү менен төмөнкүлөргө өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
1)Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин алдындагы Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгына 6720 чарчы метр жер тилкесин анда жайгашкан 2731,2 чарчы метр имараттары менен;
2)Н.К.Крупская атындагы №1 мектепке чейинки билим берүү уюмуна 498 чарчы метр жер тилкесин анда жайгашкан 245 чарчы метр имараты менен.
2.Манас шаарынын мэрине (У.Исмаилов), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына мүлктөрдү өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |