Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2026-жылдын 9-июлундагы №3
Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы кезектеги XXIII сессиясынын №6 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, Манас шаарынын прокуратурасынын 30.06.2026-жылдагы чыг№26/132-07-11/1-02452 сандуу каршылык билдирүүсү Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы кезектеги XXIII сессиясынын №6 токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеӊештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага |
Талант у.А. |