Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXV сессиясы (VIIIчакырылыш)
2026-жылдын 21-майы №25/109
Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү сууга жана сыркынды сууга тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү сууга жана сыркынды сууга тарифи Кызыл-Кыя шаарыдык кенешинин 2025-жылдын 19-августундагы № 13/52 токтому менен бекитилген. Ага ылайык, калк үчүн ичүүчү суунун тарифи- 11,10 сом, сыркынды суунун тарифи калк үчүн- 7,62 сом болуп бекитилген. 2026-жылдын май айынан электр энергияга болгон баа жогорулашын Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги билдирди.
Кызыл-Кыя шаарына берилүүчү ичүүчү суу толугу менен электр энергиясынан көз каранды.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине таянып, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 24-апрелиндеги №38 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү сууга жана сыркынды сууга тарифтерине өзгөртүү киргизилип, тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме 1).
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: А.Мурзаев |
М. Эранов |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(VIII чакырылышы)
2026-жылдын 21-майындагы
№ 25/109 токтомуна
тиркеме 1
Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү сууга тарифи
№ | Кызматтын түрү | 2025-жылдагы тариф, сом менен | 2026-жылдагы тариф, сом менен
| айырма, сом менен |
Калкка
| 11,10 | 17,84 | +6,74 | |
Коммуналдык жана бюджеттик мекемелер
| 39,51 | 39,51 | - | |
Коммерциялык жана өндүрүш мекемелери
| 63,09 | 63,09 | - |
Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин сыркынды сууга тарифи
№ | Кызматтын түрү | 2025-жылдагы тариф, сом менен | 2026-жылдагы тариф, сом менен
| айырма, сом менен |
Калкка
| 7,62 | 9,09 | + 1,47 | |
Коммуналдык жана бюджеттик мекемелер
| 22,22 | 22,22 | - | |
Коммерциялык жана өндүрүш мекемелери
| 49,43 | 49,43 | - |
Шаардык кенештин жооптуу катчысы: У. Дарипова
“Сууканал” МИ башчысы: М.Шералиев