Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2026-жылдын 9-июлундагы №4
Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги кезектеги XXV сессиясынын №3 токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, Манас шаарынын прокуратурасынын 30.06.2026-жылдагы чыг№26/132-07-11/1-02453 сандуу каршылык билдирүүсү Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги кезектеги XXV сессиясынын №3 токтомундагы “Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө мыйзамы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеӊештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага |
Талант у.А. |