Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АИЛЬНЫЙ КЕНЕШ
ТОКТОМ
2026-жылы 2-июну №17
Төрт-Гүл айыл өкмөтүндө муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы №189-буйругунун негизинде берилген Төрт-Гүл айыл аймагында муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндөгү Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевдин маалыматын угуп жана талкуулап, муниципалдык менчикти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
Төрага: Н.Артыков |
М.Жалалов |
Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын 2-июлундагы 2026-жылдагы кезектеги XIV сессиясынын №17 токтомуна №1 тиркеме
Төрт-Гүл айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө
Ж О Б О
1-глава. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ушул жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыгып, муниципалдык менчиктеги обьекттери кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтү ушул жобонун 8-главасын жана 11-пунктун кошпогондо, ушул жобонунун жана өз ыйгарым укуктарынын талаптарына ылайык муниципалдык мүлктү пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча иш-аракеттерди өз алдынча жүзөгө ашырат.
2-глава. Ушул жободо колдонулган түшүнүктөр.
3. Ушул жободо пайдаланылган түшүнүктөр.
Ижара- Ижарага берүүчү тарабынан муниципалдык менчиктеги обьектти ижарачыга аны пайдалануу укугу менен белгилүү бир мөөнөткө белгиленген акыга же акысыз негизде берүү;
Ижарачы- Ушул жободо белгиленген тартипте муниципалдык менчиктеги обьектке убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу укугу берилген жеке же юридикалык жак;
Ижарага берүүчү- Муниципалдык мүлктү ижарага берүүгө тиешелүү ыйгарым укуктар аларга берилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле муниципалдык мекеме, муниципалдык ишкана;
Аукцион- Тооруктун түрү, мында эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;
Аукционду алып баруучу- Тоорукту аукцион формасында жүргүзгөн жана аукционду өткөрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөгөн жак;
Арыз ээси- Муниципалдык менчиктеги обьектти ижарага берүү боюнча тоорукка катышуу үчүн өтүнмө берген жеке же юридикалык жак;
Конкурс-тооруктун түрү, мында тооруктун предметине карата ижарага берүүчү белгилеген шарттарды мыкты аткарууну сунуш кылган адам жеңүүчү деп табылат;
Муниципалдык менчиктеги обьект- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менчик укугуна ээ болгон кыймылдуу же кыймылсыз мүлк;
Оперативдүү башкаруу- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык мекемеге анын уюштуруучусу койгон тапшырмаларды аткаруу үчүн бекитилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы;
Пайдалануу- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюштуруучу болуп саналган муниципалдык ишканаларга, муниципалдык мекемелерге, коммерциялык эмес уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тоорук өткөрбөстөн акцияларына ээлик кылган акционердик коомдорго муниципалдык мүлк обьекттерин берүүнүн формасы;
Муниципалдык менчиктеги обьекттерди ижарага түз берүү- жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) муниципалдык менчиктеги обьекттерге карата ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү ыкмасы;
Тоорук- муниципалдык менчикте турган обьекттерге ижара укугун аукцион же конкурс түрүндө берүү ыкмасы;
Катышуучу- тоорукка катышууга уруксат алган арыз ээси;
Чарба жүргүзүү-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан муниципалдык ишканага ал үчүн белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде чарба (коммерциялык) иштерин жүргүзүү үчүн берилген мүлктү пайдалануу укугунун формасы;
3-глава. Муниципалдык мүлктү пайдаланууга берүү