Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2026-жылдын 9-июлундагы №5
Манас шаарындагы административдик имаратынан
иш бөлмө бөлүп берүү жөнүндө
Манас шаарынын мэриясынын 03.07.2026-жылдагы №01-18/4411 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясы карап, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан административдик имараттын 6-кабатында жайгашкан жалпы аянты 115,0 чарчы метр болгон иш бөлмөлөрдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын мэрине (У.Исмаилов), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) мүлктөрдү өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |