Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2026-жылдын 9-июлундагы №6
Манас шаарынын Чолок-Терек айылындагы мектептин эски имаратын бузууга макулдук берүү жөнүндө
Манас шаарынын мэриясынын 01.07.2026-жылдагы №01-18/4287 сандуу каты жана ага тиркелген иш кагаздары Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын 03.07.2026-жылдагы отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын Чолок-Терек айылында жайгашкан Т.Идирисова атындагы №29 жалпы орто билим берүү мектебинин эски имаратын бузууга макулдук берилсин.
2.Манас шаарынын мэрине (У.Исмаилов), Манас шаарынын мэриясынын Мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) имараттарды бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен жана мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |