Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2026-жылдын 9-июлундагы №7
Манас шаарындагы жаӊы курулган мектепке Орозбеков Абдыкадырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Манас шаардык депутаттар кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде, Манас шаарынын мэриясынын 02.07.2026-жылдагы чыг.№01-18/4394 сандуу катын шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарындагы Г.Мамбеталиев көчөсүндө жаӊы курулуп жаткан жалпы орто билим берүү мектебине мамлекеттик жана коомдук ишмер Орозбеков Абдыкадырдын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Манас шаарындагы Г.Мамбеталиев көчөсүндө жаӊы курулуп жаткан жалпы орто билим берүү мектебине катардагы 15-номери (№15) берилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине макулдашууга жөнөтүү жагы Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (М.Элеманов) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик Реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |