Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АИЛЬНЫЙ КЕНЕШ
ТОКТОМ
2026-жылы 2-июну №19
Чоң-Кара айылындагы 800 метр сугат суу каналын
Ондоп тузөөгө өздүк салым катары керектүү акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылындагы сугат суу ондоо түзөө иштери боюнча айыл өкмөтү тарабынан долбоор даярдалып, Баткен райондук өнүктүрүү фонду аркылуу каржылоого сунуштоо жагы, ошондой эле өздүк салым катары 500 000 (беш жүз миң) сом бөлүп берүү маселеси боюнча айыл өкмөт башчысы Д. Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чоң-Кара айылындагы сугат суу каналын ондоо түзөө боюнча даярдалган долбоор Баткен райондук өнүктүрүү фонду аркылуу каржылоого сунушталсын.
2. Бул долбоорду ишке ашырууга өздүк салым катары 500 000 (беш жүз миң) сом бөлүп берүү маселеси мыйзам талаптарына ылайык каржылык мүмкүнчүлүктөр эске алынуу менен каралсын.
3. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровго жүктөлсүн.
4. Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге тапшырылсын.
Төрага: |
Н.Артыков |