Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2026-жылдын 9-июлундагы №8
Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын Жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, Манас шаарынын мэриясынын 03.07.2026-жылдагы чыг.№01-18/4432 сандуу катын шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 2024-жылдын 19-июнундагы кезексиз XLIII сессиясынын №5 токтому менен бекитилген Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын Жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
III бөлүгүнүн 19-пунктунун 7.1-пунктчасы менен толукталсын:
“7.1) Шаар аймагында жайгашкан базарлардан (менчигинин түрунө карабастан) жума сайын күнүмдүк негизги керектелүүчү товарлардын салыштырмалуу орточо бааларын тактап чыгат. Тийиштүү учурда сурамжылоо жүргүзгөн мекеме-ишканаларга мыйзам чегинде күнүмдүк негизги керектелүүчү товарлардын баалары боюнча Манас шаардык депутаттар кеңеши тарабынан бекитилген тарифтердин негизинде акылуу маалымат жана тактамаларды берет”.
V бөлүгүнүн 27-пункту төмөндөгүдөй сөздөр менен толукталсын:
“Башкармалыктын атынан чыккан буйруктарды жокко чыгаруу жана өзгөртүү, толуктоолордуу киргизүү мүмкүн”.
“Өзүнүн орун басарынын милдетин аткаруучунун компетенциясын аныктайт”.
28-пункту төмөндөгүдөй баяндалсын:
“Башкармалыктын башчысы жокто (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык иш сапар жана башка) же ыйгарым укуктарын токтоткон учурда, анын ыйгарым укуктарын убактылуу башкармалыктын бөлүм жана сектор башчысы жүзөгө ашырат”.
2.Ушул токтомдун негизинде ишмердүүлүк жүргүзүү жагы Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчисине (С.Эргешов) милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик Реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адиси (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |