Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2026-жылдын 9-июлундагы №9
Манас шаарында жайгашкан автобекеттин эски имаратын
бузууга макулдук берүү жөнүндө
Манас шаарынын мэринин сунушунун негизинде, Манас шаардык кеӊешинин сессиясында талкууга алынып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын Т.Байзаков проспектисинин №171 дарегинде жайгашкан муниципалдык автобекеттин эски имаратын бузууга макулдук берилсин.
2.Манас шаарынын мэрине (У.Исмаилов), Манас шаарынын мэриясынын Мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) имараттарды бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. .
Төрага |
Талант у.А. |