Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АИЛЬНЫЙ КЕНЕШ
ТОКТОМ
2026-жылы 2-июну №20
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баткен-Ош унаа жолун жана ички жолдордогу таштандыларды тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 000 (үч жүз миң) сом бөлүү жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси жөнүндө” Мыйзамына таянып Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баткен-Ош унаа жолун жана ички жолдордогу таштандыларды тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 000 (үч жүз миң) сом түрдүү чыгымдар эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровго жүктөлсүн.
3. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге тапшырылсын.
Төрага: |
Н.Артыков |