Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-июну № 48
Айыл өкмөтүнүн балансында турган Көк-Таш насостук бекетин Суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, ошондой эле айыл аймагынын калкын жана айдоо аянттарын сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, насостук бекетти өз убагында оңдоп-түзөө жана натыйжалуу пайдалануу максатында, Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын сунушун жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Г.Анаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин балансында турган, Көк-Таш айылынын Чек –Дөбө участкасында жайгашкан насостук бекеттин (бардык көмөкчү курулуштары, жабдуулары жана трансформатору менен бирге) Баткен райондук Суу чарба башкармалыгынын балансына акысыз (же мыйзамда белгиленген тартипте) өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына:
1) Жогоруда көрсөтүлгөн насостук бекетти өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-кагаздарын (кабыл алуу-өткөрүү актыларын) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы тапшырылсын.
2) Насостук бекет өткөрүлүп жаткан учурда анын техникалык абалын, инвентардык номерин жана баланстык баасын тактоо боюнча атайын комиссия түзүлсүн.
3. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык Кеңешинин Айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага |
Ш.Омурова |