Редакцияот 28.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫНЫН XXVII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН ОТУРУМУ

2023-жылдын «28» августундагы № 121

Мурда берилген жер участогун ижарага берүү келишимин узартуу жөнүндө

Базаркулов Үсөнбай Шамшыбековичтин «Мурда бөлүнүп берилген 5 га жер участогун ижарага берүү келишимин узартуу жөнүндө» билдирүүсүн угуп жана талкуулап. ага бак жана теректер отургузулуп, 10 жылдык мөөнөткө узартуу укугу менен», ошондой эле мөмөлүү бак-дарактардын 3-5-жылдары мөмө бере баштагандыгын эске алуу менен Гроздь айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ  кылат:

 

1. Базаркулов У.Ш. мурда берилген 5 га жер участогуна ижара келишими 10 жылдык мөөнөткө узартуу укугу менен бак жана теректер отургузуу учүн берилсин

2. Аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча жетектөөчү адис Н.К.Тунгатаровго тапшырылсын.

 

 

Гроздь айылдык

Кенештин төрагасы

 

 

А.У.Усманов