Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги ХXII сессиясы
2026-жылдын 15-июлу № 155
Бөжөй айылындагы таза суу түтүктөрүн муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 4-июнундагы №214 сандуу чыгыш катынын негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл-чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 14-июлундагы отурумунун корутундусуна ылайык, калкты таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну жакшыртуу жана муниципалдык мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Шамшиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылындагы таза суу түтүктөрүн белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Муниципалдык менчикке өткөрүлүп жаткан таза суу түтүктөрүн, суу кампасынын техникалык абалын кароо, баасын тактоо, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү жана муниципалдык менчикке каттоо иштерин жүргүзүү жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Шамшиевке милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл-чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |