Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш
кезектеги XXVII сессия
2026-жылдын 12-июнундагы №2
Манас шаарындагы жер тилкелерди муниципалдык менчикке
кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 25-майындагы чыг.№01-18/3257 сандуу каты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 03-июнундагы отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын Б.Алыкулов көчөсүнүн №84 дарегинде жайгашкан Н.А.Исирадиновага таандык 36,1 чарчы метр жана С.Ибраимов көчөсүнүндө жайгашкан Р.Апышевага таандык 42,0 чарчы метр жеке менчик жер тилкелерин кенемте төлөө жолу менен Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Манас шаарынын мэрине (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Э.Омошов) жер тилкени өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |