Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-июну № 01-07/10
Молдо Нияз айыл аймагында көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчисинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 27-28392сандуу тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтомунун 2 пунктунда көрсөтүлгөн тапшырмалар” жөнүндөгү Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 -беренесинин 8-пунктуна ылайык , Молдо Нияз айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Молдо Нияз айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби бир жайга 50000 (элүү миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
3.Токтом расмий moldo-niyaz. gov. Kg сайытына жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык
кеңешинин экономика ,бюджет,инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык
байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | И.Салиев |
|
|