Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-июну № 01-07/13
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак Умай-Эне жана Совет айылдарынын калкы үчүн сууну керектөө (ичүүчү суу) ченемдерин бекитүү жөнүндө
Ичүүчү сууну керектөөнү эсепке алууну системалаштыруу максатында, «Ичүүчү суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 5-беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, негиз айылдык кеңеши токтом кылам:
1. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак Умай-Эне жана Совет айылдарында жаңы курулуган суу системасын эсепке алуу менен айылдагы суу жабдуу системасына кошулган турак үйлөрдөгү суу керектөө (ичүүчү суу) ченеми (мындан ары – ченеми) №1, №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Керектелген ичүүчү суунун көлөмү жеке суу ченөөчү приборлордун (суу ченегичтерди) көрсөткүчтөрү боюнча аныктала тургандыгы белгиленсин..
3. «Молдо Нияз » муниципалдык ишканасы турак үйлөрүндө жеке суу ченөөчү приборлор (суу ченегичтер) менен ичүүчү суу үчүн акы төлөөнү бекитилген ченеми боюнча жүргүзсүн.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы жана “Молдо Нияз” МИнын жетекчиси А.Кайыркуловго жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | И.Салиев |
|
|
Молдо Нияз айыл аймаынын айылдык кеңешинин
2026-жыл 26-июнь № 01-07/13 токтомуна
№ 1тиркеме
Кыргыз-Кыштак Умай-Эне жана Совет айылдарында ичүүчү суу системасына кошулган турак үйлѳрдүн (абоненттердин) ичүүчү суу керектѳѳ ченемдери
1. Ичүүчү суунун көлөмү жеке суу ченегичтердин көрсөткүчтөрү боюнча аныкталат.
Чыгымдардын түрлөрү | 1 жашоочуга сууну керектөөнүн ченеми суткасына /л |
Абоненттердин ичүүчү суу системасына кошулган турак үйлѳрдүн (абоненттердин) ичүүчү суу керектѳѳ ченеми
|
30-60 |
Катчы Ю.Козукулова
Молдо Нияз айыл аймаынын айылдык кеңешинин
2026-жыл 26-июнь № 01-07/13 токтомуна
№ 2тиркеме
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак Умай-Эне Совет айылдарында таза суу долбоорун ишке ашып жаткандыгына байланыштуу ичүүчу суу менен камсыздоо кызматынын бааларын рейскурантын тарифи
Аталышы | Ченем бирдиги | Сом | Сом |
Таза суу менен камсыздоо кызматынын тарифи | 1 м3 | 51,81 |
|
|
|
|
|
Ичүүчү суу менен камсыздоо кызматынын тарифи |
| ||
|
|
|
|
Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн категориясы | 1 м3 өздүк наркы, сом | Тарифти жогорулатуучу коэффициент | Тариф суммасы, сом |
Калк | 51,81 |
|
|
Башка ичүүчү суу пайдаланучуулар (сууну ири көлөмдө пайдаланган керектөөчүлөр мекеме, уюмдар, мечит) | 51,81 | 1,3 | 67,35 |
Башка ичүүчү суу пайдаланучуулар (сууну ири көлөмдө пайдаланган керектөөчүлөр банк, аптека,кафе, ресторан, парикмахерский, магазин, базар, фабрика ж.б.) | 51,81 | 1,2 | 62,17 |
Башка ичүүчү суу пайдаланучуулар (сууну ири көлөмдө пайдаланган керектөөчүлөр) сүт иштетүчүлөр, пескоблок, автомойка, баня ж.б. | 51,81 | 1,3 | 67,35 |
|
|
|
|
Катчы Ю.Козукулова