Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-июну № 01-07/15
Молдо Нияз айыл аймагынын 2027-2028-2029-жылдар үчүн бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолун бекитүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчинин Молдо Нияз айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2027-2028-2029-жылдар үчүн божомолу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Молдо Нияз айыл аймагынын бюджетинин жергиликтүү кирешелер бөлүгүнүн 2025-жылдын 5-айлык планынын аткарылышы 1229,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Молдо Нияз айыл аймагынын 2027-жыл үчүн бюджетинин жергиликтүү кирешелеринин божомолу 22449,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Молдо Нияз айыл аймагынын 2028-жыл үчүн бюджетинин жергиликтүү кирешелеринин божомолу 23394,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Молдо Нияз айыл аймагынын 2029-жыл үчүн бюджетинин жергиликтүү кирешелеринин божомолу 24267,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5.2026-2027-2028-жылдардын бюджетинин жергиликтүү кирешелер бөлүгүнүн божомолун мыйзам чегинде аткаруу жана көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика,бюджет,инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | И.Салиев |
|
|