ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫНЫН XXVII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН ОТУРУМУ
2023-жылдын «28» августундагы № 129
“Ж.Д. Бакеева арызы боюнча күнөскана чарбасы үчүн жер участогун бөлүп берүүнү караштыруу жөнүндө”
Ж.Д.Бакееванын арызын карап жана талкуулап, Жогорку Ат башы айылынан аянты 1 га болгон жер участогун Күнөскана чарбасы үчүн убактылуу пайдаланууга берүүнү Гроздь айылдык Кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Ж.Д.Бакеевага Жогорку Атбашы айылында жайгашкан 1 га аянтты убактылуу пайдаланууга күнөскана чарбасы үчүн жер тилкеси ижара акысы 10,0 миң сом менен бөлүнүп берилсин.
2. Аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча жетектөөчү адис Н.К.Тунгатаровго тапшырылсын.
Гроздь айылдык Кенештин төрагасы |
|
А.У.Усманов |