Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш
кезектеги XXVII сессия
2026-жылдын 12-июнундагы №8
Манас шаарындагы №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна
Садыков Азим Садыковичтин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 30-апрелиндеги чыг.№01-18/2752 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясы карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарындагы №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун отличниги Азимжан Садыковдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүү үчүн сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине сунушталсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милддеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |