Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-июну № 01-07/16
Молдо Нияз айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74,76 беренелерине жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 34,39 беренелерине ылайык,ошондой эле калктын социалдык абалын жана жыйымдардын натыйжалуулугун эске алуу менен,айыл аймакта “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн” жыйымынын төлөнүүсүн иретке келтирүү максатында айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүндөгү “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн” жыйымы айыл өкмөтү жана “Молдо Нияз” муниципалдык ишканасы тарабынан тең чогултулуп жаткандыгына байланыштуу 2027-жылдын 1-январынан тартып айыл өкмөтүнүн кирешелер бөлүгүнөн чыгарылсын.
2.“Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн” жыйымын чогултуу,таштандыларды чогултуу жана чыгаруу кызматы “Молдо Нияз” муниципалдык ишканасы аркылуу ишке ашырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтом расмий moldo-niyaz. gov. кg сайытына жарыялансын.
5.Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын
реестрине каттоо үчүн токтом Баткен Юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык
кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык
кеңешинин экономика,бюджет,инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык
байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | И.Салиев |
|
|