Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-июну № 01-07/17
Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылына сугат суусун алып келүү үчүн темир-бетон каналын куруу боюнча Кадамжай райондук өнүктүрүү
фондуна даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылына сугат суусун алып келүү үчүн темир-бетон каналын курууга Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылына сугат суусун алып келүү үчүн темир-бетон каналын куруу үчүн даярдалган 3523907 (үч миллион беш жүз жыйырма үч миң тогуз жүз жети) сомдук долбоор бекитилсин.
2. Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылына сугат суусун алып келүү үчүн темир-бетон каналын куруу үчүн сунушталып жаткан долбоорго 2818907 (эки миллион сегиз жүз миң он сегиз миң тогуз жүз жети ) сом Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунан суралсын, ал эми айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 705000 (жети жүз беш миң) сому Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджети эсебинен ажыратып берилсин.
3. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы жана каражатты максаттуу пайдалануу жана эмерек жана жабдууларды сатып алуу иштерин сапаттуу жүргузүү боюнча жоопкерчилик Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика,бюджет,инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | И.Салиев |
|
|