Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш
кезектеги XXVII сессия
2026-жылдын 12-июнундагы №9
Манас шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багынын аталышын өзгөртүү жөнүндө
Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 3-июнундагы чыг.№01-18/3507 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясы карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багынын аталышы “Манас” эс алуу багы болуп өзгөртүлсүн.
2. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2010-жылдын 13-июлундагы кезектеги XIII сессиясынын №9 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милддеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |