Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш
кезектеги XXVII сессия
2026-жылдын 12-июнундагы №11
Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2027-жылга долбоору жана 2028-2029- жылдарга болжолун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин” 78 жана 95-беренелерин негиз кылып, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 10-июнундагы чыг.№01-18/3697 сандуу катты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2027-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору 1 950 062,9 миң сом, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 396 651,0 миң сом өлчөмүндө жана 2028-2029-жылдарга болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2.Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2027-жылга түзүлгөн чыгаша бөлүгүнүн долбоору 1 950 062,9 миң сом, анын ичинен атайын төлөмдөр 396 651,0 миң сом өлчөмүндө жана 2028-2029-жылдарга болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Манас шаардык финансы башкармалыгынын начальнигине (Т.Аким уулу) Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2027-жылга долбоору жана 2028-2029-жылдарга болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5.Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |