Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш
кезектеги XXVII сессия
2026-жылдын 12-июнундагы №12
“Манас шаарынын мэриясынын Сууканал башкармалыгы” мекемеси тарабынан акы төлөп көрсөтүлүүчү кызматтарды бекитүү жөнүндө
Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 5-июнундагы чыг.№01-18/3602 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Манас шаарынын мэриясынын Сууканал башкармалыгы” мекемеси тарабынан техникалык шарт даярдап берүү, суу жана саркынды суу түтүгүнө улоо иштеринде акы төлөп көрсөтүлүүчү кызматтар 1-тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.
2.“Манас шаарынын мэриясынын Сууканал башкармалыгы” мекемесинин башчысына (А.Ибраимов) өз ишмердүүлүгүндө ушул токтомдун негиизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милддеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |