Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш
кезектеги XXVII сессия
2026-жылдын 12-июнундагы №13
Манас шаарындагы Т.Байзаков атындагы эс алуу багын жана
“Данек” муниципалдык балдар оюн-зоок борборун ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 11-июнундагы чыг.№01-18/3712 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарындагы Т.Байзаков атындагы эс алуу багын ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Манас шаарындагы Т.Байзаков эс алуу багында жайгашкан “Данек” муниципалдык балдар оюн-зоок борборун аукцион аркылуу ижарага берүүгө макулдук берүү менен аукционго берүүдө баштапкы баасы айына 150 000 сомдон башталаары белгиленсин.
3.Манас шаарынын мэрине (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов), Манас шаарынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Э.Омошев) ижарага берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |