Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш
кезектеги XXVII сессия
2026-жылдын 12-июнундагы №14
Манас шаарындагы “Жалал-Абад шаарынын Жеңиш паркын
модернизациялоо жана башкаруу” долбоорунун
алкагында “Манас”эс алуу багынын ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамынын негизинде, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 10-июнундагы чыг.№01-18/3696 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарындагы “Жалал-Абад шаарынын Жеңиш паркын модернизациялоо жана башкаруу” долбоорунун алкагында, эки тараптуу түзүлгөн макулдашууга ылайык “Манас” эс алуу багынын ижара акысы айына 125 000 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Манас шаарынын мэрине (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Э.Омошев) ижарага берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет,экономика,каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |