Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш
кезектеги XXVII сессия
2026-жылдын 12-июнундагы №15
Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 28.09.2023-жылдагы №1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 08-июнундагы чыг.№01-18/3613 сандуу каты жана ага тиркелген иш кагаздары, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы №1 сандуу токтомунун 2-пункту менен бекитилген Манас шаарынын башкы планындагы Чолок-Терек айылындагы жалпы аянты 2,5 га жана Лавдан-Кара айылында (Жапон көпүрөнүн өйдө тарабында) жайгашкан жалпы аянты 27,84 га болгон жер тилкелерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Манас шаарында архитектуралык жана шаар куруу иш чаралары бекитилген башкы пландын негизинде жүргүзүү жагы Манас шаарынын мэрине, Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Манас шаардык филиалына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |