Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
XI сессиясы
2025-жылдын 12-сентябрындагы №56
Кызыл-Ураан айылынын Кара-Кечүү участкасындагы чайхана жана техникалык тейлөө станциясын куруу үчүн берилген 0,04 га жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө
Үч-Терек райондук мамлекеттик администрациясынын 1997-жылдын 13-февралындагы №43/1 буйругунун негизинде, Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ураан айылынын Кара-Кечүү участкасындагы 0,02га чайхана жана 0,02 га техникалык тейлөө станциясын куруу үчүн Разиев Дөөлөткелдиге берилген жалпы 0,04га соода сатык багытындагы жер тилкесинин багытын мечит куруу үчүн өзгөртүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесин жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ураан айылынын Кара-Кечүү участка-сындагы 0,02га чайхана жана 0,02га техникалык тейлөө станциясын куруу үчүн берилген жалпы 0,04 га соода-сатык багытындагы жер тилкесинин багыты мечит курууга өзгөртүлүп берилсин.
2. Жер тилкесинин багытын өзгөртүү боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |