Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
XI сессиясы
2025-жылдын 12-сентябрындагы №58
Саргата айылынын Кашка-Терек участкасындагы № 2144 контурдагы 0, 35 га жайыт жер аянтынын багытын, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылынын Кашка-Терек участкасындагы №2144 контурдагы 0,35 га жайыт жер аянтынын багытын, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу (трансформация) жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесин жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саргата айылынын Кашка-Терек участкасындагы № 2144 контурдагы 0,35га жайыт жер аянтынын багытын өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн жер тилкесинин чектик өлчөмү 0,35га деп бекитилсин.
2. Аныкталган чектик өлчөм боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |