Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
XI сессиясы
2025-жылдын 12-сентябрындагы №59
Үч-Терек айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуусун камсыз кылуу жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жооптуу катчы З.Кигарованын 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 156 сандуу Кыргыз Республика-сынын Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 «Тынчтык жөнүндө» мыйзамы-нын талаптарын аткарууга алып, тиешелүү иш чараларды жүргүзүү үчүн айылдык кеңештин чечимин кабыл алуу тууралуу сунушу боюнча, Үч -Терек айылдык кеңешинин IX чакырылы-шынын жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда чыгарылган корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» мыйзамынын талаптары, Үч-Терек айыл аймагында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында так сактоого алынсын.
3. Ага ылайык, айыл аймагында массалык иш-чараларды (үйлөнүү үлпөтү, кыз узатуу , юбилей белгилөө, тушоо той, сүннөт той, үй той, аш-тойлор, жана башка мааракелер) өткөрүү убактысына чектөө киргизилип, милдеттүү түрдө 22:00дөн кечиктирбестен токтотулсун.
4. Бул чектөөлөр боюнча айыл аймагындагы ресторан, кафе жана башка ишканалардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузулган учурда, Кыргыз Республика-сынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келери тууралуу жазуу жүзүндө билдирмелер берилсин.
5. Жалпысынан айыл аймактагы жашоочулардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу иш аракеттерге төмөндөгү убакыт аралыгында чектөө киргизилсин:
-жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 7:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү- саат 22:00дөн 9:00гө чейин;
6. Жогоруда аталган мыйзамдын талаптары жана ушул токтом менен белгиленген чектөөлөр боюнча калк ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн, социалдык тармактарга жарыялансын.
7. Ушул токтомдун ченемдеринин сакталышын камсыздоо үчүн, тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык, мамлекеттик органдар менен бирге иш алып баруу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |