Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
XI сессиясы
2025-жылдын 12-сентябрындагы №61
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары –жооптуу катчы З.Кигарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга карата түзүлгөн социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасын аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |