Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
XI сессиясы
2025-жылдын 12-сентябрындагы №63
«Таштанды ташуучу атайын техника жана 100даана таштанды контейнерин сатып алуу» долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндө
“Жашыл аймак -таза коом” долбоорунун алкагында Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна сунушталуучу «Таштанды ташуучу атайын техника жана 100даана таштанды контейнерин сатып алуу» долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жашыл аймак -таза коом” долбоорунун алкагында жалпы суммасы 9985000(тогуз миллион тогуз жүз сексен беш миң) сомду түзгөн «Таштанды ташуучу атайын техника жана 100даана таштанды контейнерин сатып алуу» долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын сунушу жактырылсын жана долбоор бир айлык мөөнөттүн ичинде Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна сунушталсын .
2. Аталган долбоордун өздүк салымы үчүн долбоордун жалпы суммасынын 3(үч)пайызын- 300(үч жүз миң) сом акча каражатын 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттен караштырып берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтомду Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |