Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз
ХII сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №65
Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча
жергиликтүү жыйындарды жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 22-23-декабрында өтүүчү кезектеги IV Элдик Курултайга, Үч-Терек айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жыйындарды жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынсын жана жергиликтүү жыйындарды өткөрүүнүн графиги жана жооптуу депутаттар 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн саны, айыл өкмөт боюнча айылдардагы калктын санына жараша Үч-Терек айылы боюнча-20, Саргата-18, Кызыл-Ураан-18, Жетиген-18 жана Такталык-6 , жалпы өкүлдөрдүн саны квотага ылайык 80 адам деп бекитилсин.
3. IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10.00до Үч-Терек айылындагы Т. Абдиев атындагы маданият үйүнүн көрүүчү залында өткөрүлүүсү белгиленсин.
4. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2025-жылдын 1-ноябрында Үч-Терек айылында Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча керектүү акча каражатын карап берүү жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары : |
М. Насирдинов |