Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз
ХII сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №67
Жетиген айылындагы №34 Б.Салаев атындагы орто мектебинин
полун алмаштыруу долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндө
“2026-жылга республикалык үлүштүк дем берүүчү гранттын каржылоосуна сунушталуучу «Жетиген айылындагы №34 Б.Салаев атындагы орто мектебинин полун алмаштыруу» долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндөгү, Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы суммасы 2994261сом (эки миллион тогуз жүз токсон төрт миң эки жүз алтымыш бир ) сомду түзгөн «Жетиген айылындагы №34 Б.Салаев атындагы орто мектебинин полун алмаштыруу» долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын сунушу жактырылсын жана 2026-жылга республикалык үлүштүк дем берүүчү гранттын каржылоосуна сунушталсын .
2. Аталган долбоордун өздүк салымы үчүн долбоордун жалпы суммасынын 20(жыйырма) пайызын түзгөн 598852(беш жүз токсон сегиз миң сегиз жүз элүү эки) сом акча каражатын 2026-жылга Токтогул райондук атайын фонддун каржылоосуна сунуш берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары : |
М. Насирдинов |