Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз
ХII сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №68
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу жалпы мектептерге жана бала
бакчаларга толук коопсуздук системасын (сигнализация) орнотуу
долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндө
Токтогул райондук Өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу «Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу жалпы мектептерге жана бала бакчаларга толук коопсуздук системасын (сигнализация) орнотуу» долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап,, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы суммасы 1220000 (бир миллион эки жүз жыйырма миң ) сомду түзгөн «Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу жалпы мектептерге жана бала бакчаларга толук коопсуздук системасын (сигнализация) орнотуу» долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын сунушу жактырылсын жана 2026-жылга карата Токтогул райондук Өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталсын .
2. Аталган долбоордун өздүк салымы үчүн долбоордун жалпы суммасынын 20(жыйырма )пайызын түзгөн 244000(эки жүз кырк төрт миң ) сом акча каражатын 2026-жылга карата Токтогул райондук атайын фонддун каржылоосуна сунуш берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары : |
М. Насирдинов |